Китеп күнүнө карата Теология факультетинин китепканасы тарабынан өткөрүлгөн иш-чара

2022-04-21 18:47:13 240

Бүгүн 2022-жылдын 21-апрелинде «23-апрель китеп күнүнө» карата Теология факультетинин китепканасы тарабынан «Китеп адамды , адам дүйнөнү өзгөртөт» аттуу иш чара өткөрүлдү. Иш чарага теология факультетинин студенттери активдүү катышты. Китеп жөнүндө, китепти кантип окуу, пайдалануу жана учкул сөздөр тууралуу слайд коюлду. Программанын башталышында теология факультетинин деканы доцент Зайнабидин Касымович жана декан жардамчысы ... китеп күнү менен куттуктап сөз сүйлөдү. Шыктуу студенттер гитара, комуз менен күү жана ырлар аткарылды. Иш чаранын акырында программага катышкан активдүү катышуучуларга грамота жана китеп тапшырылды.