ОшМУга Түркия Мамлекетинен чон делегация келди

2021-10-22 15:26:52 286

Бүгүн 2021-жылдын 22-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына карата, түрк элинен кыргыз калкына белек катары Туркия Диянет Фонду тарабынан тарыхый Өзгөн шаарында курулган атактуу ислам алымы Имам ас-Сарахсий мечит комплексинин ачылыш аземине келген Түркия Мамлекетинин Диянет Иштери Башкармалыгынын башчысы Проф. Др. Али Эрбаш мырза менен ОшМУнун ректору К. Г. Кожобеков ОшМУнун теология факультетинде жолугушту. Жолугууда ОшМУнун Ыйман гимназиясынын жаңы имаратын куруусу боюнча жана теология факультети менен Түркия Мамлекетинин Диянет фонду келишимдин негизинде мындан ары да кызматташуусун айтып кетти. Делегациянын ичинде Диянет Иштери Башчысынын орун басары Проф. Др. Селим Аргун, Түндүк Кипр Дин иштери башчысы Проф. Др. Ахмет Үнсал, Куран кырааттары жана нускалары комиссиясынын төрагасы Хафыз Осман Шахин, Дин Иштери Жогорку Кеңеши мүчөсү Проф. Др. Муртаза Бедир, Диянет тышкы байланыштар башкармалыгы директору Эрдал Аталай, Дин Иштери Жогорку Кеңеши мүчөсү Мустафа Ырмаклы, Тышкы байланыштар бөлүм башчысы Салих Гөр жана Жеке секретарият башчысы Хасан Гүчлү.