ОшМУ жана Түркия мамлекетинин Сивас Жумхуриет университети мобилдүүлүк боюнча келишим түздү

2021-10-22 14:47:01 199

2021-жылдын 20-октябрь күнү ОшМУ жана Түркия мамлекетинин Сивас Жумхуриет университети мобилдүүлүк боюнча келишим түздү. Ошондой эле ОшМУнун теология факультети менен эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүлүп, бакалавр жана магистратура программалары боюнча бүтүрүчүүлөрүн кабыл алуу боюнча сөз болду. Жолугууда ОшМУнун ректору, профессор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич, Сивас Жумхуриет университетинин ректору, профессор, доктор Алим Йылдыз, Сивас Жумхуриет университетинин проректору, профессор, доктор Үнал Кылыч, Сивас Жумхуриет университетинин проректору, профессор, доктор Хакан Йекбаш жана Сивас Жумхуриет университетинин тышкы байланыштар департаментинин башчысы, профессор, доктор Али Аксу катышышты.