Илим жумалыгы

2020-04-28 00:01:18 569

Бүгүн 2020-жылдын 27- апрель күнү теология факультетинде илим жумалыгы башталды. Илим жуманын алкагында "Ислам, илим жана учурдун көйгөйлөрү" аттуу илимий онлайн конференция өтүүдө. Онлайн конференциянын ачылышында ОшМУнун илимий иштери боюнча проректор, м.и.к., профессор Б.З.Осумбеков, илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, ф-м.и.к., доцент Г.М.Анарбаева, магистратура жана PhD докторантура бөлгмүнүн башчысы, т.и.к., профессор И.Г.Кенжаев, теология факультетинин деканы, док. (PhD) З.К.Ажимаматов, теология факультетинин деканынын орун басары, док. (PhD) Абдулмежит Исламоглу сөз сүйлөштү. Онлайн конференцияда теология факультетинин студенттери Расул Өмүрзаков: "Мусулман коомчулугунда момун каапыр маселеси", Иляз Мамытов:"Ахлу Куран жана Ахлу Хадис агымдарынын көз караштарын салыштырмалуу анализи", Зухра Вахидова:"Казы Байзави жана тафсирлөө методу", Гулиза Арзыбекова:"Заманчыл акындардын чыгармаларын акырет (фитан) тууралуу хадистердин негизинде анализдөө" аттуу илимий баяндамаларын сунушту.