Теология факультетинде билим күнү белгиленди

2019-09-02 11:59:38 612

Теология факультетинде билим күнүнө карата салтанаттуу жыйын өттү. Анда ОшМУнун магистратура бөлүмүнүн башчысы Тасилкан Жумабаева ректордун кайрылуусун окуп, студенттерди билим күнү менен куттуктады. Ошондой эле теология факультетинин деканы Зайлабидин Ажимаматов сөзгө чыгып факультеттин студенттерине жана эмгек жамаатына ийгилик каалап, 2019-2020-окуу жылында билим сапатын көтөрүү керектигин баса белгилеп өттү.